Ооганстандын борбору Кабулдагы билим берүү мекемелеринин биринде жардыруудан каза болгондордун саны 32 адамга жетти. Бул тууралуу “РИА новости” жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жардыруу батыштагы Дашт-и-Барчи районунда сынак тапшыруу учурунда болгон. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таккур жардыруу болгонун тастыктаган, бирок кошумча маалымат берген эмес.
Учурда жардыруунун кесепетинен жаракат алгандардын саны 40га жетип, 32си көз жумган.