7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматы жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

1578

4-май саат 09.30га карата кыргыз-тажик мамлекетик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү  билдирет.

Өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар катталган жок.

Баткен районунун Актатыр айыл башкармалыгынын Орто-Боз жергесинде 3-майдан баштап Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда.

Ошол себептүү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесине канатташ жашаган Баткен облусунун тургундарынан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөңүздөр деп өтүнөбүз.

Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө.
КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү жана бирикмелери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Лейлекте талкаланган үйдөн жарылбай калган артиллериялык мина табылды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1579