7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматындагы жаңжал: Бир аскердин жаагы сынды

143

9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда чыккан жаңжалдан улам алардын бири жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан кийин жабыркаган аскер кызматкерине дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, Бишкектеги Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлер анын төмөнкү жаагы жабык сынганын аныкташкан. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, кызматташына күч колдонгон аскер кызматкери анын аракеттерине укуктук баа берилгенден кийин аскер кызматынан бошотулат.

Ошондой эле кызматтык иликтөөнүн материалдары мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

144