Чек араны коргоодо шейит кеткен 19 жаштагы чек арачы Айдарбек Айбековдун соогу Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кызыл Өзгөрүш айылында жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун эжеси билдирди.
Ал 2003- жылы Токтогул районунунун Кызыл Өзгөрүш айылында туулган. Мекенди коргоо учун өз ыктыяры менен Баткен облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан. Ата Мекенди коргоо учурунда Тажиктердин огунан каза таап, кыргыз элинде оор жоготуу болду.
Маркум менен коштошуу зыйнатына анын туугандары, район акими, жергиликтуу бийлик окулдору, аскер кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.