Бүгүн, 20-сентябрда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасы келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, курама команданы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосту.
Алгач, спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын мекен үчүн кылган эрдигин эскеришти.
Белгилей кетсек, учурдагы кырдаалдан улам атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.