7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүктөрдөн опузалап акча талап кылган кызматкерлер кармалды

394

Жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды жана алардын жарандык абалынын актыларын каттоо үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Ноокен райондук Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баюу, акча алуу максатында тез арада каттоого алуу жана тиешелүү документтерди берүүдө жасалма тоскоолдуктар түзүлгөн.

Мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен райондук калкты каттоо департаментинин А.М.Ж. жана Х.З.Ш. аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

395