7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет мамлекеттик жарандарды Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берилди

272

Кыргызстанга эл аралык аэропорттордун өткөрмө пунктулары аркылуу келген чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жокторду өлкө аймагына киргизүү калыбына келтирилди. Тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аба майданынан келе тургандар коронавирусту алдын алуу үчүн атайын ылайыкталган алгоритмди так аткарышы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан 33 мамлекеттин жарандарына өлкө аймагына кирүүгө уруксат берген эле.

«2020-жылдын 4-декабрынан тарта чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар КРдин мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча туруктуу каттамдар менен өлкөгө келе алышат», — деп айтылат маалыматта.

Алгоритмге ылайык, тыштан келем дегендер үч сутка мурда таза чыккан ПЧР-анализин көрсөтүшү керек. Кыргызстанга келгенден кийин дагы санитардык-карантиндик өткөрмөдөн текшерилишет. Мындан тышкары, уруксат берүү чечими кийинки жылдагы шайлоолордо эл аралык байкоочуларды киргизүү үчүн дагы кабыл алынганы кошумчаланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

273