Чолпон-Атадагы эс алуу борборуна суу чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуну Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын-Балалык” жаш балдардын ден-соолугун чындоо борборунда эс алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кеткен.
«Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, көлдүн жээгинен жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.