7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примов комитет төрагасы болуп дайындалды

698

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна депутат Улан Примовдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 70 депутат колдоп, Улан Примов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699