7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз элинин ак куусу аталган Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу фактылар

1235

Советтик театр жана кино актрисасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР Кинематографисттер союзунун жана Кыргыз ССР театр ишмерлери союзунун мүчөсү болгон Таттыбүбү Турсунбаева 100дон ашык роль жараткан.

Кыргыз элинин ак куусу аталган актриса тууралуу фактылар.

1.Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда туулуп өскөн.
2. Белгилүү чоң атасы комузчу Турсунбай актрисага Таттыбүбү деген ысым ыйгарган.
3. 16 жашында алгачкы жолу «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган.
4. Ал 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун «Драма жана кино актеру» факультетине тапшырып, 3 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
5.Таттыбүбү Турсунбаева орус мектепти бүтүргөн. Чаек айылындагы орто мектебинде окуган.
6. Анын театрга келиши менен эле мугалимдер аны байкап, «кыргыз театрына жаңы жылдыз келди» деп айтып келишкен.
7. Кыргызстандын эң атактуу кино актрисасы болгон. Аны замандаштары «сахнанын ханышасы» деп атап келишкен.
8. Актриса белгилүү актер Болот Бейшеналиев менен сүйүү мамиледе болгон деген кептер айтылып келет, алар «Ак Мөөр» фильминде чогу аткарышкан. Бирок, ал турмушка Болоттун досу, кесиптеши Имаш Эшимбаевге чыгып, сегиз-тогуз жыл чогу жашаган. Бир уул, бир кыздуу болуп эки жолго түшүшкөн. Белгилей кетсек, Имаш Эшимбаев анын курсташы болгон.
9. Кызынын атын жолдошу Асел деп койгон, себеби Таттыбүбү театрдагы ойногон биринчи ролу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасындагы Аселдин ролу болгон.

10. 1981-жылы 21-декабрда кургак учуктан каза болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1236