7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыңгыз Токтобеков Япониянын Стамбулдагы Башкы консулу менен жолугушту

381

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков консулдуктун имаратында Япониянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Ивама Рёдзи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алышты. Ошондой эле консулдук тармактагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар мындан аркы пайдалуу сунуштарды камтыган диалогду улантууга жана өз ара кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

382