7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта инвесторду алдап кеткен милиция кызматкери кармалды

353

Таласта ИИМ кызматкери чет өлкөлүк жарандын каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2025-жылдын апрель айында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М.А. түрк жараны Х.К.нын ишенимине кирип 35 500 долларын ээлеп алган.

Тактап айтканда, Э.М.А. чет өлкөлүк инвестор менен «Паслен» тукумундагы кымбат баалуу чөп өсүмдүктөрүн (уруктун 1 кг — 3 миң доллар турат) өстүрүп, Түркияга экспорттоону макулдашып, жогоруда көрсөтүлгөн каражатты ээлеп алган.

2025-жылдын октябрда инвестор милиция кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен арыз менен кайрылган. Бирок, тиешелүү текшерүү жана тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

2026-жылы 27-январда Түркия жараны бул факты боюнча КР УКМКга кайрылган.

2026-жылы 24-февралда Э.М.А. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

354