7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чынара Итигулова, Ассоль Молдокматова «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамы менен сыйланышты (ТИЗМЕ)

2408

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен 22 кызматкер сыйланышты.

Алар:

  • “Эркин Тоо” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезитинин редакциясынын кабарчысы — Абилов Абдимуктар;
  • Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын жогорку категориядагы телеоператор- координатору — Асанов Нуркамил;
  • Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепкана системасынын директору — Дандыбаева Күлсайра;
  • А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисти, сахна кыймылы боюнча репетитору — Дуйшембиева Гульназ;
  • журналист, жазуучу, “Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү — Жаналиева Шейшекан;
  • обончу, аткаруучу — Жусупов Камчыбек;
  • акын, жазуучу, драматург — Зарлыкова Кересбүбү;
  • Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын комментатору — Итигулова Чынара;
  • Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын режиссеру — Калыков Кадырбек;
  • Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Замана” таңкы берүүсүнүн кабарчысы — Кожогулов Атахан;
  • журналист, телеалып баруучу, коомдук ишмер — Молдокматова Ассоль;
  • жазуучу, журналист — Наматов Аман
  • Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык оркестри коллективинин көркөм жетекчиси-дирижеру — Омурбаев Нур;
  • сүрөтчү, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү — Осмоналиев Сапарбай;
  • Чүй облусунун Жайыл райондук балдар музыкалык мектебинин вокал боюнча окутуучусу — Рублинская Тамара;
  • Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинин директору —  Сабитова Анара;
  • жазуучу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү — Сатыбалдиев Мусакун;
  • жазуучу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окутуучусу — Султанкулов Дуйшоналы;
  • Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын баяндамачысы — Тезекбаева Элмира;
  • кино таануучу, Ч. Айтматов атындагы Кино үйүнүн адиси — Толомушова Гульбара
  • С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактар боюнча окутуучусу, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү — Усубалиев Бектен;
  • Жалал-Абад шаардык М.И. Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин теориялык сабактар боюнча окутуучусу — Черных Галина.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2409