Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Эми Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болуш үчүн финалда венгриялык Золтан Леваини утушу керек.
Финалдык күрөшүү бүгүн, 11-сентябрда өтөт.
Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.