7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Мыйзамсыз курулуштар аныкталып, кылмыш иши козголду

624

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар аныкталганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жер тилкесине, 12 кабаттуу турак үйдү долбоорлоого берилген уруксат документтери текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган турак жай көчөнүн түштүк-чыгыш тарабынан 80 см, түндүк-батыш тарабынан 45 см курулуп, кызыл сызыктан чыгып кеткендиги тастыкталган.

«Мындан сырткары, көп кабаттуу турак үйдүн бир эле подьездинде бир лифт иштеп, калган үчөө иштебегендиги, суу сактоочу көлмө, таштанды таштоочу жай жана газ түтүкчөлөрдүн орнотуу жагы долбоордо каралбагандыгы, эки подьезддин ремонттору толук кандуу бүтпөгөндүгү, лифттин эшиктери бир подьездде бир тарабы 1-кабатта жана 4-кабатта жок экендиги, көп кабаттуу турак үйдүн түндүк тарабындагы автопаркингге кирүүчү жана чыгуучу жол долбоор боюнча каралса, жеринде кароодо жок болгондугу, ремонттору аяктабагандыгы, автоунааларды токтотуучу жай атайын көп кабаттуу турак үйдүн күн-чыгыш тарабында башкы план боюнча жайгашып, бирок асфальт төшөлбөгөн, балдар ойноочу аянтчанын орду долбоор боюнча аткарылбагандыгы, өрттүк автоунаалар үчүн 14 метр жол көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, түндүк жана күн чыгыш тараптардан өтүүчү жолдор каралбагандыгы аныкталган»,-деп берилет маалыматта.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, мурдагы КРӨнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондук башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625