7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек»

417

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Кара-Кече күрөң көмүр кенинин «Борбордук» участкасында болду.

Ал өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен таанышып, жумушчу кеңешме өткөрүп, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

«Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек. Бекитилген план боюнча, «Кыргызкөмүр» ишканасы 2 677,0 миң тонна көмүр өндүрүп, камдашы керек. Андыктан өндүрүштүк иштер толук көлөмдө жүргүзүлүп, көмүр ташуу үзгүлтүксүз болушу керек. Мындан тышкары, карьерде коопсуздук эрежелерин сактоо, тоо-тек үймөгүнүн кесепетинен аварияларга жол бербөө маанилүү. Бул багытта “Кумтөр” ишканасынын тажрыйбасын пайдалансаңыздар болот, биз тиешелүү байкоочу шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүгө даярбыз» , — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Жумгал районунун тургундарын өздүк баада көмүр менен камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта Бишкек шаарынын ЖЭБине, ошондой эле калкка, бюджеттик мекемелерге көмүр ташыла баштаган. Ишкана күнүнө 5,5 миң тоннага жакын көмүр жүктөөдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

418