7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү сиз билбеген кооз жерлерге саякаттайбыз (ФОТО)

885

Дүйнөдө биз укпаган, көрбөгөн кооз жерлер абдан көп. Бул макалада анча таанымал эмес, бирок көздүн жоосун алган жерлер менен тааныштырабыз…

1. Жаңы Зеландиядагы «Вайтомо» үңкүрү

Жаңы Зеландиянын Түндүк аралында уникалдуу «Waitomo Glowworm Grotto» үңкүрү бар. Үңкүрдүн ичинде миңдеген жаркыраган көк түстөгү жалтырактар бар, алар жылдыздарга окшош болот дагы түнкү асмандын элесин жаратат. Алар аркылуу үңкүрдүн ичи жарык болот жана ал кооздукту жылдар бою көрүүгө болот.

2. Канададагы «Мөңгү Морейн» көлү


Морейн көлү Канаданын улуттук жаратылыш паркында деңиз деңгээлинен 1885 метр бийиктикте жайгашкан. Ал көл тоолор, шаркыратмалар жана таштар менен курчалып, укмуштуудай кооздукка бөлөнүп, пейзажды жаратат. Анын суусу бирюза түсү менен укмуштуудай ачык түскө ээ жана жай айында ээриген мөңгүлөр өзгөчө сулуулук тартуулап турат. Жайкысын суунун бетинде кайык менен сүзгөнгө да болот.

3. Япония «Хитачи» паркы


Хитачи паркы өзүнүн укмуштуудай гүл багы менен белгилүү. Ал Япониянын борборунан (Токио) 2 сааттык аралыкта жайгашкан. Гүл менен төшөлгөн килем сыяктуу көрүнүшкө ээ. Аталган кооздук туристтерди суктандырып, айтор романтикага ылайыктуу парк десек дагы болот.

4. Түркияда жайгашкан «Памуккале»


Памуккале Түркиянын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Белгилей кетсек, Памуккале ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Түркчө тилинен которгондо «пахта сепили» дегенди билдирет. Көп жылдан бул жерде жылуу суу чыгып турат. Табигый курорт десек дагы болот, даарычылык касиетке ээ… Жыл бою адамдар бул жерге таза сууга жуунуу үчүн келишет. Ден соолукка пайдасынан тышкары эс-алууга ылайыкталган баардык шарттар бар.

5. Хорватияда «Плитвице» көлдөрү


Хорватиянын борбору Загреб менен Адриатиканын жээгиндеги Задардын ортосунда жайгашкан Улуттук парктын ичиндеги Плитвице көлдөрү «жашоонун сыйкырдуу дүйнөсү»,-деп жөн эле айтылбаса керек. Бул парк 1949-жылдан бери мамлекет тарабынан, 1979-жылдан бери ЮНЕСКО тарабынан коргоого алынган Европадагы эң эски улуттук парктардын бири. Анын ичинде көлдөр, шаркыратмалар жана үңкүрлөр жайгашкан. Жалпысынан парктын ичинде 16 көл бар.

Аларды аюлар, карышкырлар, бугулар жана канаттуулардын сейрек кездешүүчү түрлөрү бар токой курчап турат. Үстү дагы, алды дагы суу менен курчалып, ортосунда адамдар өтүүчү көпүрө бар. Көлдөрдүн суусу ушунчалык тунук болгондуктан түбү көрүнүп турат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886