Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашына жеңилип калды.
Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болуп, Мээрим 6:5 эсебинде утулуп калды. Эгер Линда Морайс финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыгат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда эки алтын, бир коло медаль бар.