7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 4 миңден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө

535

Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 107 өлкөдөн 4000ден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө. Оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтөт.

Маалыматка караганда, мелдешке ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү, салттуу жаа атуу, куш салуу жана интеллектуалдык спорттун түрлөрү кирет. Көргөзмө программасында этникалык спорттун 10 түрү камтылган.

Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары Абылай Кондыбаевдин айтымында, оюндар өтө турган жайлар бири-бирине жакын, катышуучуларга транспорт уюштурулат. Ошондой эле ат майдандын аймагындагы 10 гектар жерге «Көчмөндөр ааламы» этноайылы ачылып, маданий программалардын аянтчасы болот.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Астанада өтөт. Буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон.

536