22-июнда «MINEX Central Asia 2024» форумунун катышуучулары менен Кумтөр кен жайында жолугушуулар, презентациялар жана сүйлөшүүлөр өттү. Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тоо-кен тармагында пикир алмашуу үчүн маанилүү кадам болду.
Кумтөр кени «MINEX Central Asia 2024» форумунун алкагында ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн кабыл алды. Коноктордун арасында тоо-кен тармагынын алдыңкы компаниялары болду…
Форумдун катышуучулары Кумтөр кенинде технологиялар жана инфротүзүмү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жетекчилиги учурдагы жана келечектеги долбоорлорун, ошондой эле алтын казып алуу процессинде, ишкананын экологиясында жана коопсуз ишинде колдонулуучу негизги технологиялык чечимдерди чагылдырган кеңири презентация менен тааныштырды.
Жолугушуунун программасына кен жайдагы ар кандай объектилери, анын ичинде борбордук карьер, тоо-кен техникасын оңдоо боюнча устакана жана алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыгышты. Катышуучулар ишкананын натыйжалуу ишин камсыз кылуучу процесстер менен жакындан көрө алышты.
Өзгөчө көңүл компаниянын жетекчилиги менен жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө бурулду. Жолугушуу стратегиялык багыттардагы пикир алмашуулар, ошондой эле кызматташуу жана инновациялык демилгелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп калды. Форумдун катышуучулары ишкананын ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти.