7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат 2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоону сунуштады

371

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Камила Талиева ыш менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын айтып, учурда борбор калаадагы ыш боюнча абал абдан татаал экенин баса белгиледи.

«Азыр биздин калаадагы абалды караңызчы. Дем ала албайт адам. Ушул ыштын маселесин Коопсуздук кеңешинде айтып, малекеттик органдар, ЖМК менен көйгөйдү көтөрүү керек. Бул боюнча сиз коңгуроо кагышыңыз керек. Биз Жогорку Кеңеште 2025-жылда ыш менен күрөшүү, экология жылы дейбизби, айтор, аракет кылбасак абалыбыз оор. Мындай кете турган болсок кары-картаңдарды оорутуп алабыз. Ыш эмне деген гана ооруларды козгоп, күчөтүүдө. Алдын алуучу иш-чара уюштурбайсыңарбы» — деди Талиева.

Буга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түтүндүн таасири боюнча эки жылдан бери изилдөө жүрүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле ыш респиратордук оорулардын күч алышына таасир этип жатканын, бул багытта мамлекеттик программа боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

372