Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев бир күндүк маянаны бөлүп берүүнү сунуштады.
“Кыргызстаныбыздын булуң-бурчунда элибиздин көпчүлүгү селден жабыр тартып, Баткен облусунда 5 жашар бала, Жалал-Абад облусунда 10 жашар бала тилекке каршы селдин кесепетинен өмүрү менен кош айтышты. Жабыр тарткандарга бардык тараптан колдоолорду көрсөтүп, бир күндүк айлык маянабызды бөлүп берүүнү сунуштайм”, — деди ал.