7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар Россиянын Кыргызстандагы элчилигине барып көңүл айтты

534

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар Россиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, Москва шаарына жакын жердеги “Крокус Сити Холл» концерттик залында катталган окуяга байланыштуу көңүл айтышты.

Элчи Николай Удовиченко менен жолугушкан депутаттар ок атуудан улам көп адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алышканын белгилешти.

Ошондой эле карапайым калкка каршы жасалган террордук актыны кескин айыптай тургандыктарын жана терроризмди актоо мүмкүн эмес экендигин кошумчалашты.

535