7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дженгонун» кылмыштуу тобунун мүчөсү «Бойко» менен аткаминерлер кармалды

210

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын балансында турган жайыт жерлерин жана айрым соц.объектилерди мыйзамсыз сатууга тиешеси бар Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү “Бойко” каймана аты менен белгилүү болгон А.А.А. жеке материалдык пайда алуу максатында, аталган айыл өкмөтүнүн, «Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы 8414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкен. Белгиленген участоктор 10 000 АКШ долларга жана андан жогору баага сатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда аффилирленген жактарга жайыт участоктору таризделгени, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган. Жыйынтыгында түшкөн акча каражаттары жогоруда аталган жактар тарабынан турак/турак эмес жайларды курууга, ар кандай коммерциялык иштерге, ишкердик субъекттерин ачууга же сатып алууга салуу жолу менен легалдаштырылган.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо, тактоо боюнча тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен жарандарды төмөнкү байланыш номурлары аркылуу маалымдоого чакырат: (0312) 66-04-75, 62-65-04; Ош облусу: (03222) 2-30-78;

211