Маалыматка караганда, Жердин айланасында күн шамалынын ылдамдыгы дээрлик эки эсе көбөйүп, секундасына 800 чакырымга жетти. Жерди курчап турган плазма булутунун температурасы бир миллион градуска жакын, ал эми күндөн чыккан зат келгенге чейин Жерди курчап турган газдын температурасы 100 миң келвинге жакын болгон.
«Учурда бороон-чапкын канчага чейин созуларын болжолдоо дээрлик мүмкүн эмес. Моделдик эсептөөлөр боюнча, дагы бир сутка уланышы мүмкүн. Бороондун күчү дээрлик максималдуу деңгээлге барабар. Күчтүү магниттик бороон соңку ирет 2005-жылы 11-сентябрда байкалган», — деген лаборатория.
Күндөгү жарылуу дээрлик Күн-Жер сызыгында, башкача айтканда, планетага максималдуу таасир этүүчү аймакта болгон. Окумуштуулар плазма булуттары жекшемби күнү кечинде же дүйшөмбүнүн башында Жердин орбитасына жакындайт деп болжолдошкон.
Дарыгерлердин айтымында, мындай учурда адамдар алсырап, уйкусу келип чарчаңкы абалда болот. Баш оорулар күчөп, жүрөк кан- тамыр оорусу менен жабыркап келгендер бороондун толкундарынын кесепетинен — жүрөк булчуңдары жыйрылуусунан улам тез- тез согуп көңүлү айнышы ыктымал.