Бүгүн, 29-декабрда пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору миң доллар өлчөмүндөгү акча каржатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1972-жылы туулган К.М.А. аттуу кызматкер Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылганы аныкталган.
УКМК кармалган кызматкер Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экенин кабарлады. Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.