«Дордой» базарындагы өрттөн 42 контейнер күйгөндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, мындан башка, тез тамактануучу жай, шаурма жана суусундук саткан тогуз күркөө өрттөнгөн. Күйгөн 42 контейнерде кийим-кече сатылганы айтылды.
«Өрт жалпысынан 1 000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки жаран түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.
Эскертсек, кечээ, 5-июлда, Бишкектеги «Дордой» базарынан өрт чыгып, аны өчүрүүгө ӨКМдин 60 куткаруучудан турган 7 бригадасы тартылган.