7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Дубровский” рестораны мэриянын менчигине өттү

714

Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан «Дубровский» ресторанын имараты Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин комиссиясынын отурумунун чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылды. Автобустук линияны кеңейтүү зарылдыгына байланыштуу башка жер тилкесин берүү чечими кабыл алынды.

Бул чечимдин негизинде ресторандын ээлерине Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан болгон имаратты демонтаждоо тууралуу билдирүү тапшырылды. Бирок ижарачы мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү каалоосун билдирип, келишимге ылайык жалпы аянты 500 чарчы метрге жакын ресторандын имараты өткөрүлүп берилген, ошондой эле аянты 0,37 га болгон мурда ижарага алынган жер тилкеси кайтарылды, имарат 48 500 000 сомго бааланууда.

Белгилей кетсек, ижарачы тарабынан эч кандай дооматтар жок. Бул жай мунипалитеттин максаттары үчүн колдонулат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715