7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дыйкандар быйыл 2000ден ашуун жаңы айыл-чарба техникасын алышты

183

Быйыл дыйкандар жана фермерлер 6,7 млрд сомго 2 186 даана заманбап айыл-чарба техникаларын лизинг аркылуу алышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымат таратты.

“2011-жылдан тартып министрлер кабинетинин колдоосу менен Министрликтин демилгеси аркылуу «А Банк» жана «Элдик Банк» ААКлары тарабынан 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет. Долбоордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар 6% жылдык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө”— деп айтылат билдирүүдө.

Баса белгилей кетсек, мамлекеттик лизинг долбоорлору аркылуу жалпы суммасы 24,8 млрд сомго 11 986 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга берилди.

184