7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атай Бейшенбек: Кыргызстанга туризмдин санынан да сапаты маанилүү

9

Кыргызстан туризмдин санынан сапатына өтүүнү көздөйт. Акыркы жылдары өлкөдө туристтик агым көбөйүп, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек фейсбук баракчасына жазды.

«Бир кезде Кыргызстанга мүмкүн болушунча көп турист тартууну максат кылсак, бүгүн туристтин саны менен катар сапаты да чоң мааниге ээ экенин түшүндүк. Эми өлкө жогорку деңгээлдеги тейлөөнү тандаган конокторду кабыл алууга даяр болушу керек», -деп белгиленет билдирүүдө.
«Бир кезде Кыргызстанга туристтерди көбүрөөк тартуу керек деп аракеттенсек, кийин туристтин саны гана эмес, сапаты да маанилүү экенин түшүнө баштадык.

Азыркы учурда чет элдик конокторду айылдарга чейин кабыл алган ишкерлер көбөйдү. Боз үй ижарасынан баштап, ар кандай турларга чейин бүтүндөй кызмат көрсөтүү чынжыры калыптанып жатат. Туристтик агым бар. Эми агымдын көлөмүн өстүрүү менен катар төлөө мүмкүнчүлүгү жогору сегментти тартуу керек.

Мындай туристтерге беш жылдыздуу мейманкана, сапаттуу жол, коопсуздук, ылдам интернет, мыкты ресторан жана эл аралык деңгээлдеги эс алуу шарттары талап кылынат. Ысык-Көлдөгү жаңы ачылган гольф-клуб, беш жылдыздуу «Баку» мейманканасы «Ала-Тоо Resort» долбоору жана Тамчы аэропортунун жанында ички инвесторлор куруп жаткан жогорку класстагы мейманканалар багыттагы конкреттүү кадамдар.
Туризм тармагынын экономикага кошкон салымы 2020-жылга чейин 25 млрд сомдун тегерегинде болсо, 2025-жылы болжол менен 65 млрд сомго чукулдады. Көрсөткүчтөрдү андан ары эселеп өстүрүү стратегиялык максат экени талашсыз.

Жакынкы жылдары туризм тармагы экономикага Кумтөр сыяктуу олуттуу салым кошкон тармакка айланышы мүмкүн. Айырмасы кендин запасы бир күнү түгөнөт, ал эми туура башкарылган туризм ар дайым экономикага жана миңдеген үй-бүлөгө туруктуу киреше берет.
Турист аэропортко түшкөн учурдан баштап эле экономикага акча калтыра баштайт. SIM-карта алат, интернетке төлөйт, такси чакырат, кофе ичет, мейманканага жайгашат, ресторанга барат, гид жалдайт, ат минет, сувенир сатып алат дегендей.

Ар бир чыгымы айдоочунун, ашпозчунун, фермердин, кол өнөрчүнүн, жана мейманкана кызматкеринин кирешесине айланат.
Президент Садыр Жапаров туризм өлкөнүн алдыңкы тармактарынын бири болушу керек деп бекер айткан жок. Багыт аныкталды инфраструктура курулууда. Эми мамлекет менен ишкерлер биргелешип тейлөө сапатын жогорулатууга, кадрларды даярдоого жана өлкөнүн туристтик брендин чыңдоого көңүл бурушу керек.

Тоолуу аймактарга чейин жеткен жаңы жолдор, Starlink сыяктуу ылдам интернет, дүйнөлүк стандарттагы мейманканалар жана ири туристтик долбоорлор эртеңки миллиарддаган сомдун негизи.
Системдүү иш аракеттердин натыйжасы буюрса убакыт менен көрүнөт, өлчөнөт»,- деп жазган ал.

10