7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн тарыхына арналган “Каганат” киноэпопеясынын алгачкы трейлери көрсөтүлдү

6

«Каганат» коомдук кайрымдуулук фонду кыргыз элинин тарыхындагы негизги доорлорго арналган масштабдуу «Каганат» киноэпопеясынын алгачкы трейлерин тартуулады.

Маалыматка ылайык, бул бир эле тасма эмес, жалпы тарыхый жана көркөм концепция менен бириктирилген беш толук метраждуу фильмден турган цикл. Мындай формат кыргыз кинематографиясында буга чейин колдонулган эмес.

Киноэпопеянын алгачкы бөлүгү «Барсбек Каган» тасмасы болуп, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы эң маанилүү тарыхый доорлордун бирине арналган. Тасманын бет ачары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулуп, өлкө президентинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

«Барсбек Каган» тасмасы 19-сентябрдан тартып Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Долбоордун жаратуучулары белгилегендей, «Каганат» жөн гана көркөм тасма эмес. Бул — кыргыз элинин бай тарыхый мурасын чагылдырган, эгемендүүлүктүн мааракелүү жылында коомчулукту өз тарыхына жана тамырына жаңы көз караш менен кароого үндөгөн ири маданий долбоор.

Трейлерде Барсбек Каган доорунун алгачкы көрүнүштөрү заманбап кинематографиялык технологиялар жана жасалма интеллектке негизделген генеративдик мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен жандандырылган. Мындай көлөмдө бул технологиялар кыргыз тарыхый киносунда биринчи жолу колдонулганы белгиленет.

Киноэпопеянын кийинки бөлүктөрү да алдыдагы жылдары жарык көрүп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын баяндоону улантат.

7