7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди

568

Бүгүн, 29-сентябрь күнү Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеровду салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да мекенге кайтты.

Алар отурган учак 12:18де «Манас» эл аралык аба майданына конду. Чемпионду аэропорттон Президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында өзүнүн салмак ченинде алтын медаль утуп алган. Спортчу 90 кг чейинки салмак ченинде беттеш өткөрүп, алгач Кытайлык спортчуну 1:0, чейрек финалда Ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип финалга жолдомо алган.

Чечүүчү финалдык беттеште өзбекстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчү болуп

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпиону аталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569