7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада оюндарына жолдомо утту

671

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

«Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат. Кыргызстандан маанилүү оюнга учурда 16 спортчу жолдомо утту»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону. Килемде 81 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

672