7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдуард: «Covid-19, аба-ырайы менен байланыштуу чоң көйгөйлөр жаралды»

901

Бүгүн, Бишкеке Эверест чокусун багынткан альпинист Эдуард Кубатов кайтып келди.

Маалыматка ылайык, Эл аралык экспедицияга катышкан 14 адамдын ичинен 5 альпинист гана Эверестке жеткен. Ал бул чокуга чыгууга 2014-жылдан бери даярдык көрүп келген. Спортчунун пландарында Денали (Түндүк Америка) жана Винсон (Антарктида) чокуларын багынтып, «Дүйнөнүн жети чокусу» программасын аткаруу тураарын белгилеген.

«Экспедиция жана ага даярдык көрүү оор болду. Covid-19, аба-ырайы менен байланыштуу чоң көйгөйлөр жаралды. Чокуда менин максатым кыргыз элиме кайрылуу жасап, желегибиз менен сүрөткө түшүү болду. Тирүү калып, чокудан кайра түшүп, үйүмө кайтып бараарымды түшүнгөндө гана эмоциялар пайда болду», – деди Эдуард.

«Манас» эл аралык» аэропортунда спортчуну Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, ведомствонун директорунун орун басары Союзбек Надырбеков, Эдуард Кубатовдун үй-бүлөсү, туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

«Сиз бизге чоң кубаныч жана кайталангыс эмоцияларды тартууладыңыз. Биринчи жолу Кыргызстандын желеги дүйнөнүн эң бийик чокусунда желбиреди. Сиз менен абдан сыймыктанабыз жана ар бир кыргызстандык сизге кабатыр болуп, аман-эсен кайтышыңызды күтүп жатты деп ойлойм. Сиздин духуңуздун күчү жана чеберчилигиңиз менен суктанабыз, сизге чың ден соолук каалайбыз. Алдыда сизди жаңы бийиктиктер күтүп жатат деп ишенимдүү айта алам»,-деп Канат Шабданбаев куттуктады.

Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов 2021-жылдын 23-майында Эверестти багындырды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

902