7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки компания ширеңкенин кутуларына аз чий салып, миллиондорду тапкан

516

Өзбекстанда ширеңке чыгарган эки компания кутуга чийлерди аз салып, миллиондогон сум акча тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети Up Match компаниясы чыгарган Jeep аталышындагы жана Atlas-Invest’тин Gugurt аталышындагы ширеңлерин сатып алып, текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган компаниялар ар бир кутуга 11-17 чийден кем салып жүргөнүн аныктаган.

Up Match бир жумада эле (22-29-апрелде) 150 млн сумга ширеңке сатып, мыйзамсыз жол менен 45 млн сум акча тапкан. Ал эми,  Atlas-Invest 66 млн сумга ширеңке сатып, мыйзамсыз жол менен 20,5 млн сум ашыкча акча тапкан.

Комитет компаниянын талапка жооп бербеген продукциясын сатыктан алууну тапшырган.

Учурда текшерүүлөр жүрүп, аталган компанияларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрү жазылууда.

 

 

517