7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки жыл бою музыка угуп уктаган кыздын кулагы укпай калды

690

Кытайда эки жыл бою музыка угуп уктаган кыздын кулагы укпай калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Шандун шаарында жашаган Ван айым жергиликтүү компанияда катчы болуп иштейт жана жакында угуусун текшерүү үчүн ооруканага барган. Текшерүүдөн соң, Вандын сол кулагында калыбына келгис неврологиялык угуу бузулганы белгилүү болуп, ага угуу аппараты жазылган.

Ал «Музыканы жакшы көргөндүгүмдөн, угуп жатып кулакчын менен уктап калчумун. Бул адатка айланып, эки жылдай болду»,- деп күндө кечинде кулакчын менен музыка угуп жатарын айткан.

Оорукананын отоларингология бөлүмүнүн директору Ли Тао Ван айымдын угуусунун начарлашы кулакчын менен музыканы узак убакыт бою угуунун кесепетинен келип чыкканын ырастаган.

Мындай нерсени алдын алуу үчүн дарыгерлер кулакчын менен же ансыз катуу музыканы 60 мүнөттөн ашык укпоо керектигин эскертет. Ошондой эле, кулакчын менен музыканы катуу угуу адамдын угуу жөндөмүнө терс залакасын тийгизет, аны бат-баттан дезинфекцияланып, тазаланып туруу абдан маанилүү.

691