7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

451

26-июлда УКМК тарабынан Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын Башкы катчылыгынын каттоосу боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин реестринде эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды.

Интерполдун Улуттук Борбордук бюросунун маалыматына ылайык, 1992-жылы туулган С.И.И.  шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген, анын натыйжасында Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик бюджетине 12 (он эки) миллиарддан ашуун өзбек сумунда (955 миң АКШ долларына жакын) зыян келтирилген.

Баткен райондук сотунун чечими менен Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны тергөө абагына камалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

452