7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык террористтик уюмдун шериги кармалды

582

Бүгүн, 13-январда УКМК Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгы тарабынан, Сузак районунун аймагынан, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылында туулган Эл аралык террористтик уюмдун шериги кармалды.

Маалыматка караганда, кылмыш иштин 255-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында, Х.А.С. “жихадчы” идеологиянын активдүү жактоочусу катары социалдык тармактар аркылуу Сириядагы ЭТУнун эмиссарлары менен байланышып, көрсөтмөлөрүн аткаруу менен ЭТУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу үчүн «Тик Ток» жана «Инстаграм» социалдык түйүндөрүндөгү жеке баракчасында ЭТУнун радикалдык үгүтчүлөрүнүн «Джамаат Таухид ва-Джихад» жана «Өзбекстан ислам кыймылынын» видеокайрылууларын таратып, пропагандалагандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында анын жашаган жеринен, радикалдуу видеолорду жарыялап колдонуп жүргөн 3 уюлдук телефон табылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583