7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултайдын убактылуу төрагасы жана эсептөө комиссиясы шайланды

615

Бишкек шаарындагы филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайдын убактылуу төрагасы Кемел Ашыралиев болду. Ал эми, Талас облусунан делегат болуп келген Айдар Момунтаев Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.

Эсептөө комиссиясынын курамына 9 адам кирди:

  • Баткен облусунан Касиет Мырзаева;
  • Жалал-Абад облусунан Жылдызбек Абибакир уулу;
  • Нарын облусунан Нургүл Өмүрова;
  • Ош облусунан Бекболот Мусаев;
  • Талас облусунан Айдар Момунтаев;
  • Чүй облусунан Эстебес Ырыскелдиев;
  • Ысык-Көл облусунан Кайратбек Ибраев;
  • Бишкек шаарынан Айнура Абдыгулова;
  • Ош шаарынан Элмира Сатыбалдиева.

Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, эсептөө комиссиясынын курамын бекитти.

Эскерте кетсек, курултайга 1 миң 72 делегат катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616