7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми «Яндекс» таксинин айдоочулары электрондук патент менен иштейт

719

Кыргызстанда “Яндекс” сервисинин таксисттери электрондук патент алууга милдеттендирилет. Cанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдун сөзүнө караганда, бул боюнча ишкана менен сүйлөшүүлөр дээрлик жыйынтыкталды.

Салык кызматында электрондук патент бар. Ал жок болуп салык төлөнбөсө, таксист кардар ташый албай калат. Ушундай эреже киргизип жатабыз. “Яндекс” мындай талапты бардык такси кызматтарына киргизип бергиле деп суранды”, — деди Догоев.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында депутаттар “Яндекс” Кыргызстанда монополист болуп алганын, бирок салык төлөбөй жатканын сынга алышты. Ошондой эле жол киренин баасын көтөрүп жибергенин айтып, көзөмөлгө алуу талабын коюшкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720