7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эне окумайын бала окубайт». Сузакта 100дөн ашуун ата-эне бала тарбиясы боюнча баарлашты

2004

Бүгүн Сузак районунун Кара-Дарыя айылында новатор-педагог Гапыр Мадаминов 100дөн ашуун ата-эне, мугалимдер менен бала тарбиясы багытында баарлашты. Иш-чараны аталган айылдагы «Энелер мектебинин» жамааты уюштурган. Бул тууралуу 7-каналдын Жалал-Абаддагы кабарчысы Бүбүсара Орозалиева билдирет.

Мында энелер мектепке жакын болсо, тарбия жакшы болору, тарбиянын башаты эне экендиги, «Энелер мектеби» учурдун негизги талабы болуп жаткандыгы багытында сөз болду. Гапыр Мадаминов бул жаатта өзүнүн практикасындагы кеп-кенештерин берди.

«Бүгүн айылыбызда «Энелер мектеби- тарбиянын негизи» деген аталышта семинар уюштурдук. Бизди айыл өкмөт каржылык жактан колдоду. 20 миңдей калкы бар айылда «Энелер мектеби» 2018-жылы келген. Ушул тапта 6 мектептин баарында ачылды, мактанаарлык дагы бул программа өз жемишин берип жатат» — дейт Зулпия Жунусбаева «Энелер мектебинин» Кара-Дарыя айылындагы координатору.

Иш-чарага катышкан айыл тургуну Замира Баймуратова да бул сөздөргө кошулат. Айтымында ал өзү да бул чөйрөгө аралашып, өзүндө чоң өзгөрүү болгонун жашырбайт.

«Мен жөнөкөй энемин, үйдө кир жууп, нан жаап күнүмдүк тиричилик менен алектенген… Ушул «Энелер мектебине» катышып, көп нерсе таптым. Башкысы, өзүмдү тааныдым. Балдарымды кандай тарбияладым билбейм, албетте жакшы тарбиялоого аракеттендик. Эми буйруса небелерибизди мыкты тарбиялайбыз деп ойлойм. Бардык энелерди бул долбоорго, программага дилгир катышууга чакырам. Натыйжасын, жемишин ошондо көрөсүздөр деп ишенем» — дейт айыл тургуну Замира Баймуратова.

Иш-чара суроо-жооп, эркин баарлашуу, бул жааттагы китептердин жарманкеси менен коштолду.

Ата-эне окумайын бала окубайт;

-Тарбия — үйдөн, таалим — мектептен берилет;

-Тарбиячы өзү тарбияланган болушу керек;

— Бала тарбиялоо ташты кемиргенге тете;

-Энеси жамандын баары жаман, атасы жамандын бири жаман! — мына ушундай лозунгдар бүгүнкү иш-чаранын көз көрүнөр жерлерине илинген.

Кошумчалай кетсек, Гапыр Мадаминов баштаган топтун энелер менен жолугушуусу буга чейин Ош облусунун бир канча райондорунда жана Жалал-Абад шаарында болгон. Эртең Аксы жергесинде уланат.

Белгилей кетчү жагдай, 2022-жылдын 1-октябрынан баштап “Ата-энелер мектеби” программасы этап-этабы менен мектептерге киргизилет. Билим берүү министрлигинин маалыматында, бул ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жана аларга кам көрүүдөгү көндүмдөрүн жакшыртуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулат.

“Ата-энелер мектеби” программасын ишке ашыруу үчүн ар бир район, шаардан пилоттук негизде 5тен кем эмес бала бакча жана 10дон кем эмес мектеп тандалып алынып, бул программа апробациядан өтөт.

“Ата-энелер мектеби” программасын киргизүүдө КР эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов тарабынан иштелип чыккан “Ата-энелер мектеби” программасы колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2005