7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат

613

9-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен бирге Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.

Алар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги менен биргеликте борбордун аймагындагы курулушу бүтө элек имараттарды карап чыгышты. 11268 чарчы метр аянттан турган 3 кабаттуу имарат 1995-жылдан бери 30 жылдай бүтпөй келет.

Текшерүү учурунда министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо уюму болуп саналарын белгиледи. «Республиканын бардык аймактарынан жүздөгөн балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарылануу үчүн кайрылышат жана жаңы курулуштун аркасында балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын мындан ары жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп баса белгиледи министр.

Ал ошондой эле имарат курулуп бүтсө, Гемодиализ борборунан тышкары бул имаратка эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга мүмкүн болорун кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мухаммад Абдурахман Аль-Шая мырза алардын фонду курулуш иштерин жана борборду заманбап жабдуулар менен жабдууну каржылай турганын билдирди.

 

614