Ошто энеси балдарына дары берип өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 27-сентябрда, саат 16.30 чамасында болгон.
Анда, Ош шаарына Кара-Суу районунан келип, убактылуу Ош шаарында, Амир-Темир кичи шаарчасында жашап жаткан 1982-жылы туулган тургуну (апасы) өзүнүн 2009 жана 2011-жылдары туулган балдарына ири көлөмдөгү димедрол дары берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, тез жардам машинасын чакырып, алар келгиче жаш балдарга суюктук беришип, ичин ири көлөмдөгү дарыдан тазалоого аракет жасап турушкан.
Апасынынын берген көрсөтмөсүнө ылайык, апасы балдарын өлтүрүп, андан соӊ өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасай тургандыгын, балдарына чычканга каршы пайдалануучу дарыны жана димедрол дарыларын бергендигин айткан.
«Учурда шектүүнүн үстүнөн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Аялдын бул кадамга баруу себептери, диний-экстремисттик топтор менен байланышы жана психикалык абалы дагы текшерилүүдө. Алгачкы маалыматтарга караганда , балдардын апасы 1982-жылы туулган, күйөөсү менен быйыл ажырашып келген.
Учурда жабыр тарткан балдардын абалдары жакшы, ден соолугуна коркунуч жок. Балдар ооруканасы тарабынан тиешелүү тез жардамдар көрсөтүлдү. Алардын мындан кийинки жашай турган жайын социалдык жактан коргоо тармактары карашууда»,-деп берилет маалыматта.