7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Социалдык педагогдор жана психологдор үчүн тренинг өткөрүлдү

541

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси менен Билим берүү мекемелеринин биримдигинин ассоциациясы менен биргеликте Бишкек шаарында социалдык педагогдор жана психологдор үчүн тренинг өткөрүлдү.

Иш-чара мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, аярлуу балдар менен жаштарда жабыркоочу оорунун пайда болушунун себептерин жана кесепеттерин түшүнүүнү жакшыртуу жана өз убагында жардам көрсөтүү максатында уюштурулду.

Тренингге Чүй облусунун билим берүү башкармалыгынын усулдук бөлүмүнүн башкы адиси, социалдык педагогдор, мектептердин, жетим балдар интернаттарынын психологдору жана башкалар катышты.

Тренер зомбулуктун жана адам сатуунун курмандыктары менен иштөөдө көп жылдык тажрыйбасы бар психотравмология боюнча эл аралык эксперт Тирза Шнайдер болду.

Тренингдин жүрүшүндө Асель Чынбаева зомбулук фактыларына өз убагында чара көрүү жана алардын алдын алуу үчүн мектептерде социалдык педагогдорду жана психологдорду даярдоо маанилүү экенин белгиледи. Ал белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өлкөдө зордук-зомбулукту жоюу боюнча бардык чараларды көрүп, колдоо көрсөтүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы балдар арасындагы зордук-зомбулук боюнча кырдаалды талдоо боюнча маалыматы менен балдарды коргоо боюнча улуттук эксперт Мээрим Осмоналиева бөлүшүп, мигранттардын аярлуу балдарына, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар жабыркоонун өнүгүшү жана кесепеттери, травмалык ооруулардын динамикасы тууралуу маанилүү маалыматтарды алышты, мындан тышкары балдар жана жаштар менен иштөөдө психологиялык травмаларды жана анын түрлөрүн таанууну үйрөнүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

542