7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев: «Аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт, бул оюнчук иш эмес»

525

Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин Администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн»,- деди ал.

Эскерте кетсек, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526