Чүйдө өспүрүм турникке асынган абалда табылды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-сентябь күнү Жайыл РИИБге Р.З аттуу 1990-жылы туулган аял киши кайрылып, анда 2009-жылы туулган баласы 25-сентябрда саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, ыкчам териштирүү иштери башталган.
Териштирүүнүн жыйынтыгында баланын атасы Орусияда иштеп жүргөн. Уулу ошол күнү унааны сурабастан айдап кеткендиктен, атасы баласын урушуп койгон. Уулу таарынып, үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон барган эмес.
Апасы милицияга кайрылган. Бала турникке асынып алган абалда табылган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.