Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Садыр Жапаровго чейин пистолет сатып алынбаганын билдирди.
“Мен эки жолу коргоо министри болуп иштедим, Садыр Нургожоевичтин командасы келгиче бир дагы пистолет сатып алган эмеспиз. Мен так санын айтпай эле коеюн, “Байрактардан” баштап, аскердик техникалар, ок-дарылар сатып алынды. Ошол техникалар алынбаганда, азыр абалыбыз кандай болот эле? Адис катары айтып коеюн, даярдык болгон үчүн куралдуу кол салууну токтоттук,”-деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram