Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасынын чегиндеги айылдарда жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшү керек деген тапшырма берилген.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик окуясынын кесепетинен 374 турак-жай, 171 чарбалык объект, 10 социалдык объект (5 мектеп, 2 бала бакча, 3 медициналык мекеме), 153 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери талкаланган жана жабыркаган.