7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кабырын көтөрдүңөр бабалардын, кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!

475

ЖИГИТТЕР
Чек арада курман болгон жоокерлердин жаркын элесине
Жигиттер, кайрандарым, апаат кунү,
жалындык бир силерге, бир Кудайга.
Мекен да тирүү экен, аалам тирүү,
жигитке жүрөк берсе, булкуна алган!…
Бийиктин баркын — баасын барчын билет,
шумкарга тагдыр буйруйт шукшурулган.
… Мекендин жүгү мага артылды деп,
Мекендин асманына учту бир жан…
Балапан үчүн бакта уядагы,
батперек учуп турган асман үчүн —
Жаныңа алмаштырдың Күн-ааламды…
Сен эми өмүр болуп кайтаарың, чын!
Кудайдын жүрөгү адам, канаты адам,
болдуңар жүрөк дагы, канат дагы.
… Жакыным болдуң жерди каратпаган,
алысым болдуң асман тараптагы…
Бегиң жок үчүн чебин, теңин билээр,
Бийиң жок үчүн зарды, арды билээр —
Өлүмдү карай силер чегиндиңер!
Мекеним болуп турдуң ар бириңер!
Акыркы мүнөттөрдө, күлгүн өмүр,
эмнеде болду экен эс-ойуңар?
…Силердин төбөңөрдө ким бирөөнүн,
илинбей калган эски чокою бар!…
Эмнелер келди экен ой-санааңа,
Жашадым деп ойлодуң, жашабадым…
Аядың апакеңди жол караган,
таядың тайып аткан Асабаңды!
Өмүрдү аядың го жалжылдаган,
өлкөңду аядыңбы жетиле элек?
… Боло алат тура Мекен жалгыз адам,
Мекенсиз адам, бирок жетим өлөт!…
Таянаар кишиң калбай жан жагыңда,
өбөктөп куладың го куралыңа…
… Көнгөндөр жалган ыйлап, жалган ырдап,
өмүрдөн башканы эле сурагыла!
Жашоону жалгап турган теңдеп, тескеп,
от элең, суудай элең, бороон элең!
… Мен эми сени жоктоп, сени эстеп
сени өзүм өлтүргөндөй боло берем…
Жигиттер, кайрандарым, сабалаган,
үлгүсү боло алдыңар бийиктиктин!
Кабырын көтөрдүңөр бабалардын,
кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!
Кабырын көтөрдүңөр бабалардын,
Кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!

Акын Нарсулуу Гургубай

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

476