Орусиянын Ижевск шаарында мектепте белгисиз адам ок чыгарып, анын кесепетинен 6 адам каза болуп ,20га жакын адам жаракат алган. Бул тууралуу “Риа новости” жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атышуу болгондугу тууралуу полицияга маалымат түшкөн. Кара кийимчен жаран мектепке кирип күзөтчүнү өлтүрүп, андан соң мектеп окуучуларын атып салган.
Полиция кызматкерлери барган учурда шектүүнүн жансыз денесин табышкан. Ал өз жанын кыйган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.